АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасы (ББП) – бул жети жылдык долбоор, ал жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташуусуна көрөтөт. ББП төмөнкүдөй максатта өз ара байланышкан чөйрөлөрдө иштейт: 1) “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамды ишке ашырууда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине (MLSD), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандык коом уюмдарына колдоо көрсөтүү; 2) “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамды ишке ашырууда пилоттук коомдук кеңештерге колдоо көрсөтүү; 3) иши жарандардын, анын ичинде калктын аялуу топторунун укуктарын илгерилетүү менен байланышкан пилоттук ЖКУлардын потенциалын жогорулатуу; жана 4) Юстиция министрлигине (ЮМ), атап айтканда, бүтүндөй өлкө боюнча түзүлгөн Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна калктын мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууда көмөк көрсөтүү. ББП ошондой эле акысыз юридикалык консультацияларды көрсөтүүдө Юстиция министрлигинин, омбудсмен институтунун региондук өкүлдөрүнүн жана адвокаттардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтет. ББП гранттар боюнча өзүнүн программасынын алкагында үй-бүлөдө зомбулукту болтурбоо боюнча иштеп жаткан жергиликтүү комитеттерге (ҮЗБК) колдоо көрсөтөт жана максаттуу региондордо жаңы ҮЗБКларды түзөт.

Биргелешип башкаруу программасы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлүүчү америка элинин кайтарымсыз колдоо көрсөтүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду. USAIDдин Кыргыз Республикасындагы программалары жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic сайтына кирсеңиздер болот.

ББП жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: http://www.ewmi-cgp.org/en/publications-and-resources/fact-sheets.html

Биздин миссия

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка жардам берет. Калктын кыйла аялуу топтору, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары үчүн сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү максатында укуктун үстөмдүүлүгүнө суроо-талапты жогорулатуу.

Биздин өнөктөштөр

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы төмөнкүлөр менен өнөктөштүктө Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылат: https://www.gov.uk/government/organisations/department-for-international-development:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
    • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
    • Кыргыз Республикасында Өнүгүү саясаты институту;
    • “Жарандык катышуу” фонду;
    • Коомдук технологиялар борбору;
    • Юридикалык клиникалардын ассоциациясы;
    • “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмеси;
    • Кризистик борборлор ассоциациясы;
    • “DIA” коомдук фонду; жана
    • “Абийир Эл” коомдук бирикмеси.

Биздин топ

USAID Биргелешип башкаруу программасынын башкармачылыгы

  • Руслан Молдокасымов, Биргелешип башкаруу программасынын жетекчиcи
  • Малика Маликова, гранттык, административдик жана финансылык бөлүмдөрдүн жетекчиси
  • Аида Рустемова, программалык бөлүмдөрдүн жетекчиси

Гранттарды башкаруу бөлүмү

  • Гульжан Асанбаева, грант менеджери
  • Эльмира Жолдошева, коомдук демилгечил топтор менен иштөө боюнча менеджер
  • Эльзада Дюшембиева, гранттарды башкаруу бөлүмү жардамчысы
  • Султан Исаев, гранттарды администрациялоо жана шайкештигин текшеруу боюнча менеджери

Жөндөмдүүлүктөрдү арттыруу компоненти

  • Кубанычбек Ибраев, ЖКУнун потенциалын күчөтүү боюнча координатор

Укук үстөмдүүлүгүн күчөтүү

  • Эльзар Элеманов, укук үстөмдүүлүгү Программасынын менеджери 
  • Асель Турсунбекова, укук үстөмдүүлүгү компонентин жардамчысы

Мониторинг жана баалоо

  • Мониторинг, баалоо жана гендер боюнча кызматкери

Коомчулук менен байланыш түзүү жана коммуникация

  • Фатима Касмахунова, коомчулук менен байланыш түзүү адиси

Иш уюштуруу жана адам ресурстары бөлүмү

  • Сезим Осконбаева, иш уюштуруу менеджери
  • Элиза Канжарбекова, административдик маселелер боюнча жардамчысы
  • Асель Нусупова, финансы менеджери
  • Ихтияр Насиров, финансы бөлүмдүн жардамчысы
  • Алмазбек Алдаяров, информациялык технологиялар адиси

Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылуу дареги:

720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.
Коёнкөзов көчөсү, 4,
Тел: + 996 312 314 b799; 986 707
Эл. почта: info-cgp@ewmi-kg.org
Веб-сайт: www.ewmi-cgp.org