Ист-Вест Менеджмент Институтунун (EWMI) купуялуулук жөнүндө ушул билдирүүсүнүн максаты – биздин веб-сайтыбыздын колдонуучуларынын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу боюнча биздин бекем берилгендигибизди көрсөтүү. Купуялуулук жөнүндө ушул билдирүүгө өзгөртүүлөр ар кандай убакта киргизилиши мүмкүн; бардык өзгөрүүлөр ушул баракчада жарыяланып турат.

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР

Биз ушул веб-сайтта сиз көрсөткөн өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды (атыңыз, дарегиңиз, телефон номериңиз жана электрондук почтаңыздын дареги сыяктуу), ушул билдирүүдө баяндалган учурларды кошпогондо, сатпайбыз, колдонууга бербейбиз жана эч кандай түрдө ушундай маалыматты ачпайбыз. Биз сиздин маалыматтарыңызды төмөнкүдөй учурларда ача алабыз: (i) эгерде муну мыйзамдын негизинде же соттук тартипте жасоого милдеттүү болсок; (ii) жеке маалыматтардын суратылган тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укуктарына шайкеш келсе, укук коргоо органдарынын же мамлекеттик башка кызмат адамдарынын талабы боюнча; же (iii) эгерде маалыматты ачууну ден соолукка зыян келтирбөө же финансылык чыгым алып келбөө үчүн зарыл  жөнү бар, ошондой эле шектенүү боюнча териштирүүгө же иш жүзүндө мыйзамсыз ишке байланыштуу болсо.

МАРКЕРЛЕР (КУКИ-ФАЙЛДАР)

Маркерлер (куки-файлдар) анча чоң эмес көлөмдөгү файлдарды билдирет, аларды веб-сайт же провайдер сиздин веб-браузер аркылуу сиздин компьютериңиздин катуу дискине өткөрөт, бул сайттарга жана провайдерлер системаларына сиздин браузерди аныктоого, ошондой эле белгилүү бир маалыматты белгилөөгө жана эстеп калууга мүмкүндүк берет. Сайтка кирүүдө сиз менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн биздин сайт маркерлерди колдонот. Маркерлер биз андан ары сайттын ишин жана каражаттарын жакшыртуубуз үчүн сайттын трафиги жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жалпы маалыматтарды топтоо үчүн колдонулат. Биз башка кызмат көрсөтүүчүлөрдү ишке тарта алабыз, алар бизге сайтка кирүүчүлөрдү мыкты түшүнүүгө жардам берет. Мындай кызмат көрсөтүүчүлөргө биздин веб-сайтыбыздын ишин камсыз кылууда жана жакшыртууда бизге көмөк көрсөтүүдөн тышкары, биздин атыбыздан топтолгон маалыматтарды колдонушуна уруксат берилбейт.

БАШКА ШИЛТЕМЕЛЕР

Биз веб-сайтыбызда үчүнчү жактардын ресурстарына шилтемелерди жайгаштырууга укуктуубуз. Башка сайттардын өздөрүнүн өзүнчө жана өз алдынча купуялуулук саясаты бар. Биз ушундай сайттардын мазмуну жана колдонулушу үчүн жоопкерчилик тартпайбыз, ошондуктан башка сайттардын купуялуулук саясаты менен таанышып чыгыңыз. Биз сайтыбыздын коопсуздугун коргоого умтулабыз жана ушундай башка сайттар тууралуу ой-пикирлерди алууга даярбыз.

МАКУЛДУК

Сиз биздин сайтты колдонуу менен анда жарыяланган Шарттарга макул  болгонуңузду билдиресиз.