Учурдагы жаңылыктар

Каракол шаарынын мэриясы эки коомдук-пайдалуу долбоорду ишке киргизүүдө, алар мамлекеттик социалдык заказ  (МСЗ) механизми аркылуу ишке ашырылат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча “Балдарга тирек” коомдук фонду “Эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин балдары” долбоорун, ал эми “Улукман дарыгер” коомдук бирикмеси “Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болгон аялдар” долбоорун ишке ашыруу үчүн тандалып алынды.
 
“Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен эки долбоорду ишке ашырууга бөлүнгөн жалпы сумма 400 миң сомду түзөт. Долбоорлор жылдын аягына чейин ишке ашырылат. Жакынкы мезгилде белгилүү бир жашаган жери жок адамдар менен иштөөгө багытталган “Коомдук тартипти сактоо” аттуу үчүнчү долбоорго конкурс жарыяланат”, - деди Каракол шаарынын финансылык башкармалыгынын начальниги Г. Толумбекова.
 
Каракол шаары артыкчылыктуу социалдык проблемаларды чечүүгө тартуу аркылуу коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) менен кызматташуунун жаңы формасын колдонгон Кыргызстандын тарыхында үчүнчү шаар болуп калды. Бул учурда Караколдун мэриясы эмгек мигранттарынын балдарынын кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча КЭУлардан идеяларды жана сунуштарды алуу милдетин алдына койду.
 
Каракол USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүгүү саясаты институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөшү болуп саналат. ӨСИ мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ тажрыйбасын колдонууга даяр болгон муниципалитеттерди тандап алды жана артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон тартып КЭУларды тандап алуу жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этабында консультациялык колдоо көрсөтүп турат.
 
USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөктөшөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
 
Бишкек - 2019-жылдын 19-июлунда Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасында юридикалык клиникалардын ролу” темасында конференция өткөрөт, ал Jannat Regency отелинде саат 9.00дөн 13.00гө чейин болот. Дареги: Аалы Токомбаев көчөсү, 21/2.
 
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, АКШнын Элчилигинин, КР Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (МКЮЖ КБ), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын кеңешинин, Билим берүү министрлигинин, Мамлекеттик миграциялык кызматтын, Улуттук медиациялоо борборунун жана юридикалык клиникалардын өкүлдөрү чакырылды.
 
Акыркы конференцияда Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы (КЮКА) “Калктын аялуу катмарлары үчүн акысыз юридикалык жардамга жетүүнү кеңейтүү максатында юридикалык клиникалардын, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана профилдүү жогорку окуу жайлардын өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү” долбоорун ишке ашыруунун учурунда натыйжалар менен жетишилген ийгиликтер жана алынган сабактар менен бөлүшөт.
 
2019-жылдын мартында Ассоциация жана КР Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБ калктын укуктук жардамга жетүүсүн кеңейтүү максатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Апрель айында өлкөнүн бардык регионунан 45 юрист-студент Укуктун үстөмдүүлүгүнүн жайкы мектебинин алкагында тренингдердин сериясынан өтүштү, анда юридикалык жардам көрсөтүү боюнча билимдерди жана көндүмдөрдү алышты, ошондой эле МКЮЖ КБнын алдындагы Калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордо (АЮЖБ) жайкы эмгек практикасын өтүштү
 
USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коом, менчик сектор жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөктөшөт жана Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.
 Director Artur Bakirov meets Jalalabad University students ALCs

Акыркы конференцияда Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы (КЮКА) “Калктын аялуу катмарлары үчүн акысыз юридикалык жардамга жетүүнү кеңейтүү максатында юридикалык клиникалардын, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана профилдүү жогорку окуу жайлардын өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү” долбоорун ишке ашыруунун учурунда натыйжалар менен жетишилген ийгиликтер жана алынган сабактар менен бөлүшөт.

 

Кымбаттуу достор! Кыймылсыз мүлк боюнча акысыз юридикалык кеңеш алгыңыз келсе, 0312 65 34 47 телефонуна чалып жакынкы борбордун дарегин билсеңиздер болот.

Кымбаттуу достор!
Үй-бүлөлүк суроолор боюнча акысыз юридикалык кеңеш алгыңыз келсе, 0312 65 34 47 телефонуна чалып жакынкы борбордун дарегин билсеңиздер болот.

 

Кымбаттуу достор! Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору бүткүл Кыргызстандын аймагында иштейт. USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн укуктарын билип жана квалификациялуу юридикалык жардамга жетиши үчүн ушул борборлордун өнүгүшүн колдойт. 0312 65 34 47 телефонуна чалып жакынкы борбордун дарегин билсеңиздер болот.