2018-жылдын 10-14-сентябрында Акысыз юридикалык жардам борборлорунда укуктук консультация берип жаткан 60тан ашык адвокат, юристтер жана мамлекеттик нотариустар укуктук жардам алуучулар менен иш алып барууда керек болгон кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча окуудан өтүштү. Тренинг мезгилинде катышуучулар юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар, анын ичинде аялуу калк менен кесиптик баарлашуу эрежелери менен таанышып чыгышты.
USAID Биргелешип башкаруу программасы аркылуу акысыз юридикалык жардам борборлорун көбүрөөк ачып, ошондой эле борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруунун үстүндө иштөө менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калктын укуктук жардамга жетүүсүн жакшыртууга  багытталган аракеттерин колдойт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамга ылайык Акысыз юридикалык жардам борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылышат, ошондой эле калктын аялуу топторунун укуктук корголгондук деңгээлин жогорулатышат.
Акысыз юридикалык жардам борборлорунун иши тууралуу кенен маалыматты жана алар менен байланыш маалыматтарын КР Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой эле http://legalmap.gov.kg/ru/ дареги боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн интерактивдүү картасынан жана www.minjust.gov.kg сайтынан алууга болот.
 
Photo 1 A opening remarks Akjol Kalbekov

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков (ортодо) юристтер үчүн эки күндүк тренингди ачуу үчүн куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.

Photo 2 Elzar speaking IKO trainingIMG 6746

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын укуктун үстөмдүүлүгү компонентинин менеджери Эльзар Элеманов өлкөнүн түрдүү региондорундагы Акысыз юридикалык жардам борборлорунда укуктук консультацияларды көрсөтүп жаткан адвокаттар, юристтер жана мамлекеттик нотариустар үчүн тренинг учурунда сөз сүйлөөдө.

Photo 4 participants nice IKO IMG 6753

Өлкөнүн бардык регионунда жайгашкан Акысыз юридикалык жардам борборлорунда укуктук консультацияларды көрсөтүп жаткан 60тан ашык адвокат, юрист жана мамлекеттик нотариус укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен иштөөдө кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча окуудан өтүп жатышат.

Photo 5 trainer on gender Gulbarchyn Jumabaeva IMG 6754

Гендердик маселелер боюнча эксперт Гульбарчин Жумабаева гендердик өз ара мамилелердин маанилүү аспекттери менен бөлүшүүдө жана гендердик стереотиптер жөнүндө айтып берүүдө.

Photo 9 Икбалжан Мирсайитов независимый эксперт

Көз карандысыз эксперт Икбол Мирсаитов катышуучуларды Кыргыз Республикасындагы диний система жана диний системадагы мамлекеттик саясат менен тааныштырып чыкты.

Photo 8 Жылдыз Дуйшенова фасилитатор

Фасилитатор Жылдыз Дуйшенова ийгиликтүү коммуникациянын эрежелери жана компоненттери жана коммуникациядагы эң негизги катачылыктар боюнча сессия өткөрдү.

Photo 10 Ишенов Асель бел пиджак Координатор по Нарынской обл по ГГЮП

Тренингдин катышуучулары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга консультация берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө сессияны кунт коюп угушууда.