2018-жылдын 3-10-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бүтүндөй өлкө боюнча укуктук жардам көрсөтүүнүн ар жылдык декадасын өткөрүүдө.
 
Декаданын алкагында бүтүндөй өлкө боюнча укуктук жардамды КР Юстиция министрлигинин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координатор, облустук юстиция башкармалыктары, райондук мамлекеттик нотариалдык конторалар, коомдук уюмдар, Адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) юридикалык клиникалары көрсөтүшөт.
Мындан тышкары, өлкөнүн бардык ири ЖОЖдорунда лекциялар, жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) талкуулоолор уюштурулат жана маалыматтык-агартуу материалдары таркатылат.
 
Декаданын негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголгондугунун деңгээлин жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү. Укуктук жардам юридикалык маселелер боюнча оозеки консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлөт.
 
Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору менен өнөктөштүктө Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы, GIZ ишке ашырып жаткан Европа Бирлигинин “КРде укуктун үстөмдүүлүгү – 2-фаза” программасы жана “Кыргызстан-Сорос” Фондунун “Укуктун үстөмдүүлүгү” программасы  тарабынан өткөрүлүүдө.
 
Кыйла кенен маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча алсаңыздар болот: http://legalmap.gov.kg/, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун (АЮЖБ) дареги: http://legalmap.gov.kg./ru/pages/free-legal-aid-centers/, ошондой эле төмөнкү сайтта: www.minjust.gov.kg.
 

кырг1

кырг 2