2018-жылдын 7-декабрында Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) алдындагы Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу ресурстук борборунда USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын укуктун үстөмдүүлүгү боюнча компонентинин менеджери Эльзар Элемановдун “Кыргыз Республикасында калктын аялуу топтору үчүн сот адилеттигине жетүү” темасында мейман лекциясы өткөрүлдү. КУУнун 35тен ашык студенти интерактивдүү мейман лекциясына катышты жана Эльзар Элемановдун презентациясы учурунда көп жаңы нерселерди билип алышты. Катышуучулар Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгүнүн, сот адилеттигине жетүүнүн, КР Конституциясынын, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КР Мыйзамынын түрдүү аспексттерин жана КР Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун ролун талкуулашты.
Катышуучуларга ошондой эле өлкөнүн бардык региондорунда ачылган акысыз юридикалык жардам алуу боюнча учурда иштеп жаткан 24 борбор (АЮЖБ) тууралуу айтып беришти, ал жерлерден жарандар акысыз юридикалык консультацияларды алса болот. Борборлордун байланыш маалыматтары бар төмөндөгү пайдалуу маалыматтык ресурстар менен бөлүшүңүз: http://legalmap.gov.kg./ru/pages/free-legal-aid-centers/; юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка жеткирип берүүчүлөрү төмөнкү сайтта: http://legalmap.gov.kg/, алар Юстиция министрлигинин веб-сайтында жеткиликтүү: www.minjust.gov.kg.
Лектор ошондой эле ПРООН тарабынан жүргүзүлгөн өлкөдө сот адилеттигине жетүү жөнүндө маселе боюнча сурамжылоонун кызыктуу жыйынтыктары менен бөлүштү жана КР Конституциясы менен жарандарга кепилденген акысыз юридикалык жардамга катышуучулардын көңүлүн буруп, ага ким укуктуу экендигин түшүндүрүп берди. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын кошо алганда, айрыкча калктын аялуу топтору үчүн акысыз юридикалык жардамга жетүүнүн маанилүү экендигин билишти. Катышуучулар ошондой эле Кыргызстанда кыз ала качуу жөнүндө видеофильм көрүштү жана КР Конституция менен кепилденген жарандардын укуктары жөнүндө билүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Эльзарга ыраазычылык билдирүү мене кол чабышты.
Лекциянын аягында лектор студенттердин арасында мейман лекциясы убагында алынган билимди текшерүү үчүн анча чоң эмес конкурс өткөрдү. Жеңүүчүлөр сыйлык катары белектерди алышты. Катышуучулардан АЮЖБ жөнүндө буклеттер жана мейман лекциясы убагында алынган билимдер жөнүндө үй-бүлөлөрүнө, досторуна жана укуктук жардамга муктаж болгондорго айтып берүүнү суранышты.
 
Өнөктөш донорлор менен кызматташтыкта АЮЖБ тарабынан уюштурулган укуктук жардам берүү декадасы убагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 1 233 студенти үчүн 18 мейман лекциясы өткөрүлдү.
 
Photo 1 Elzar Elemanov gives a lecture IMG 6933

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын укуктун үстөмдүүлүгү боюнча компонентинин менеджери Эльзар Элеманов “Кыргыз Республикасында калктын аялуу топтору үчүн сот адилеттигине жетүү” темасында мейман лекциясын өткөрүүдө

Photo 2 Group photo nice IMG 7053

Катышуучулардын интерактивдүү мейман лекциясынан кийин эстеликке түшкөн сүрөтү.

.

Photo 5 Contest for prize winners IMG 7045

Мейман лекциясы учурунда катышуучулар ар түрдүү суроолорду берип жатышты

.

Photo 3 Students in attention IMG 7029

Студенттер мейман лекциясы учурунда алынган билимди текшерүү боюнча конкурска кызыгуу менен катышууда.

Photo 6 All are in attention IMG 6952

Студенттер Эльзар Элемановдун лекциясын көңүл коюп жана кызыгуу менен угуп жатышты.

Photo 7 Elzar presents a legal map IMG 7003

Эльзар Элемановдун мейман лекциясы көптөгөн мисалдары жана калктын аялуу топтору үчүн сот адилеттигине жетүү жана мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамга жарандардын укуктары тууралуу таасирдүү статистикалык маалыматтары менен кызыктуу өттү.

Photo 8 Questions Active Students IMG 7031

Катышуучулар Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүүлүгүнүн жана сот адилеттигине жетүүнүн кээ бир аспекттерин кеңири ачуу үчүн түрдүү суроолорду активдүү беришүүдө.

Photo 9 All together nice IMG 7049

Жалпысынан 35 студент, окутуучу жана жарандык коом уюмунун өкүлү Эльзар Элемановдун мейман лекциясына катышты.