“USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы (ББП) “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү менен КР Юстиция министрлиги жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (МКЮЖ КБ) менен кызматташууда. Алсак, кызматташтыктын алкагында Баткен, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында акысыз укуктук жардам көрсөтүүнүн 10 борбору ачылды. Ошондой эле 2016-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй сурамжылангандардын көпчүлүгү укуктук маселелер келип чыккан учурда кеңеш сурап коңшуларына, тааныштарына же туугандарына кайрылышкандыктан, түзүлгөн борборлор жөнүндө калктын кабардар болуусун жогорулатуу максатында кеңири медиа өнөктүк өткөрүлдү. ББП өлкөдө укуктук жардам алуунун учурдагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө калктын маалымдар болуусун жогорулатууда Юстиция министрлиги менен МКЮЖ КБнын күч-аракеттерин колдоп, алар менен тыгыз кызматташууну улантууда, мында бүтүндөй өлкө боюнча ачылган Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 24 борбордо юристтер, адвокаттар жана нотариустар тарабынан көрсөтүлүүчү укуктук консультациялардын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда”, деди “Кабар” маалыматтык агенттигинде болгон пресс-конференцияда Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын директору Руслан Молдокасымов. Декаданын жыйынтыктары жөнүндө кыйла кенен маалыматты төмөнкү сайттан алсаңыздар болот: http://kabar.kg/news/v-kr-proshla-dekada-pravovoi-pomoshchi-s-kakimi-problemami-obrashchalis-grazhdane/

CGP COP Ruslan Moldokasymov holding a booklet IA Kabar

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) директору Руслан Молдокасымов “Кабар” маалыматтык агенттигинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укук жана учурдагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жана башка ресурстар жөнүндө калк менен маалыматтык-билим берүү ишинин маанилүү экендигин белгилеп кетти.

final press conference all participants Kabar IA 11 12 2018

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (МКЮЖ КБ) директору Акжол Сабырович Калбеков (ортодо) пресс-конференцияны ачты жана өнөктөштөр менен бирдикте Юстиция министрлиги тарабынан өткөрүлгөн укуктук жардам берүү декадасынын жыйынтыктары менен бөлүшүүдө. (Солдон оңго) ПРООНдун жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүүгө” долбоорунун координатору Айнура Алымбекова, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) директору Руслан Молдокасымов, КР Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов, “КРде укуктун үстөмдүүлүгү” (2-фаза) программасынын конституциялык укук жана МКЮЖ боюнча эксперти Лайла Юрцена, “Кыргызстан Сорос” фондунун укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева.

Consultation at IUK Komsomolskaya Pravda photo 05 12 2018

Өнөктүк учурунда юридикалык консультациялар жана жардам коомдук жерлерде: соода борборлорунда, базарларда, университеттерде, колледждерде, өлкөнүн бардык жети облустук борборунун аянттарында да көрсөтүлдү.Media journalists at IA Kabar press conference

2018-жылдын 3-10-декабрында өнөктөштөр менен бирдикте Юстиция министрлиги жана МКЮЖ КБ тарабынан өткөрүлгөн укуктук жардам берүү декадасынын жыйынтыгы боюнча журналисттер “Кабар” маалыматтык агенттигинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда.