“Аялдарга жардам берүү борбору” КБсы Үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин (ҮЗАК) катышуусу менен Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс Ордо жана Көлмө турак жай массивдеринде жашаган аялдар үчүн тренингдердин сериясын өткөрдү, анда 54 катышуучу ГАЛС (GALS – гендердик иш-аракеттерди изилдөө системасы эркектердин да, аялдардын да катышуусу менен турмуш шартты жакшыртуу боюнча гендердик-сезимтал мамиле кылуу катары колдонулат) методун колдонуу, ошондой эле “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзам тууралуу билим алышты. Катышуучулар ошондой эле азыркы мезгилдеги үй-бүлөдө кайын эне менен келиндин ортосундагы өз ара мамиле маселелерин жана үй-бүлөдө шайкештикке жетүү жолдорун талкуулашты.

Тренингдер үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана калктын үй-бүлөдөгү зомбулук маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда өткөрүлдү.

Photo 1 WSC training 15 01 2019 IMG 20190115 WA0141 1024x768

“Аялдарга жардам берүү борбору” КБсы Үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин (ҮЗАК) катышуусу менен Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс Ордо жана Көлмө турак жай массивдеринде жашаган аялдар үчүн кезектеги тренинг өткөрүүдө.

Photo 2 WSC training Jan 15 2019 IMG 20190115 WA0137 1024x768

“Аялдарга жардам берүү борбору” КБсынын тренеринин ҮЗАКтын мүчөлөрү жана семинардын катышуучулары менен эстеликке түшкөн сүрөтү. 

 Photo 3 WSC 019 01 15 IMG 2 WA0123 1024x768

Аялдар практикалык сабак учурунда үй-бүлөдөгү зомбулуктун себептерин аныктоонун үстүндө иштеп жатышат.

Photo 4 WSC women working together in a group 25 01 2019 IMG 20190115

Семинардын катышуучулары үй-бүлөдө өз ара түшүнүүнү жакшыртуу жолдорун табууга аракет көрүшүүдө.
.