2019-жылдын 19-февралында “Абийир Эл” КБсы “Айыл турмушу” КБсы менен өнөктөштүктө Каракол шаарында тегерек стол өткөрүшүп, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү комитеттерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун максаттарын жана милдеттерин презентациялады, ага Жети-Өгүз, Октябрь жана Теплоключенко айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО), билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин, аялдардын, жаштардын, аксакалдардын кеңешинин, айылдагы саламаттык сактоо комитеттеринин жана Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияларынын 58 өкүлү катышты. Иш-чаранын учурунда катышуучулар зомбулукка көбүрөөк туш болуучу эмгек мигранттарынын балдарына тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Долбоор USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Photo 1 Social Worker Zina Omurzakova Jolgolot village

Ак-Суу районунун Жолголот айылынан келген социалдык кызматкер Зина Омурзакова үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жана анын алдын алуу максатында балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө тажрыйбасын айтып берүүдө.

Photo 2 Ombudsman of Issyk Kul Oblast Timaeva speaking o

Омбудсмендин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Тамаева айым үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу максатында биргелешип аракеттенүүнүн маанилүү экендигин баса белгилеп кетти.

Photo 3 Head of Jety Oguz AA Seidakmatov Ppt presentation o

Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Сейдакматов мырза ҮЗАКтын ишин күчөтүү идеясын колдойт жана жергиликтүү бийлик органдары да үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелеринин үстүндө иштейт деп сөз берди.

Photo 4 Venera Izakova Abiyir El speaking CPDVs

“Абийир Эл” КБсынан Венера Исакова жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары менен алдын алуу иштерин жүргүзүү маанилүү экендигин айтып өттү.

Photo 5 partner of Abiyir El Selskaya zhizn leader speaking o

“Айыл турмушу” КБсынын жетекчиси Бупебаева айым өзүнүн коомчулугунда ҮЗАКтын иштегени боюнча оюн билдирүүдө.

Photo 6 58 participants Roundtable Abiyir El all participants 19 02 2019

Жалпысынан 58 катышуучу, анын ичинде Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү бийлик органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) жетекчилери жана орун басарлары, Омбудсмендин аймактагы офисинин өкүлү, ҮЗАКтын мүчөлөрү, жаштар, аксакалдар комитетинин жана айылдагы саламаттык сактоо комитеттеринин мүчөлөрү, ошондой эле социалдык кызматкерлер 19-февраль күнү Караколдо өткөрүлгөн тегерек столдун ишине катышты.

Photo 7 Young activist is speaking o

ҮЗАКтын мүчөсү катары жаш активист иш боюнча өзүнүн идеяларын айтып берүүдө.

Photo 8 CPDVs writing important moments o

Активист-аялдар тегерек столдун ишинде жүргүзүлгөн талкуулоолордун учурунда сунушталган мыкты идеяларды жазып алышууда.

Photo 9 Head of Jety Oguz AA supports the CPDVs

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Сейдакматов мырза коомчулукта үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы кантип биргелешип күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча өзүнүн ой-пикирин билдирүүдө.