Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы (КЮКА) Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жогорку окуу жайлардын юридикалык клиникаларынын студенттери менен жолугушуулардын сериясын өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө КЮКА USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Калктын аялуу катмары үчүн акысыз юридикалык жардамга жетүүнү кеңейтүү максатында юридикалык клиникалардын, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана профилдүү жогорку окуу жайларынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү” долбоорун презентациялады. Долбоордун алкагында КР Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда андан ары стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү менен “Укуктун жана сот адилеттигине жетүүнүн үстөмдүүлүгү” мектебине катышуу үчүн конкурс өткөрүлөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алса болот: https://www.facebook.com/collaborative.governance.program/posts/2271788519551158 
 
Photo 1 KS Law Academy IMG 20190222 165713

Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын өкүлдөрү КР Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда андан ары практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юрист-студенттери менен жолугушууда.

.

 Photo 2 KRSU students meet with ALCs

Кыргыз-Россия Славян университетинин юрист-студенттери жолугушуудан кийин Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын директору Артур Бектуров менен, жолугушууда университеттин юридикалык клиникаларынын ишине тартылган студенттер үчүн андан аркы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Photo 3 AПБиО Джалал Абад встреча с юр клиникой и студентами

Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын долбоорунун координатору Наргиза Женишева Жалал-Абаддагы Бизнес жана билим берүү укугу эл аралык академиясынын юрист-студенттери менен.

Photo 4 ALCs Artur Bakirov meets with Jalalabad rector and legal clinic students IMG 8633

Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясынын директору Артур Бектуровдун Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте жакында ачылган юридикалык клиниканын жетекчилиги менен жолугушуусу.