2019-жылдын 10-майынан 13-майына чейин өлкөнүн бардык регионунан 45 юрист-студент укук үстөмдүүлүгү мектебине катышып, коммуникациянын жана жарандарга консультация берүүнүн практикалык көндүмдөрүн алышып, сот процессине даярдык көрүүнүн үстүндө иштеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү жаатындагы алдыңкы эксперттерден жана практиктерден билим алышты.
 
Укук үстөмдүүлүгү мектебине катышуу – бул келечектеги юристтерди КР Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда стажировкадан өтүүгө даярдоо. Келечектеги юристтер “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамды ишке ашыруунун алкагында укуктук консультацияларды көрсөтүүдө адвокаттарга жана нотариустарга жардам көрсөтөөрү пландаштырылууда.Мыйзамдын алкагында калктын аялуу катмарындагы жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 24 борбордун биринен акысыз юридикалык жардам алууга укуктуу.
 

Photo 1 all together near the lake

Өлкөнүн бардык региондорунан 45 юрист-студент 2019-жылдын 10-13-майында Ысык-Көлдө Укук үстөмдүүлүгүнүн жайкы мектебине катышты.

.

Photo 2 two days of study and learning

Студенттер Акысыз юридикалык клиникалар борборлорунда юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өздөрүнүн идеяларын презентациялап жатышат.

Photo 3 finding people in need of legal aid

Юрист-студенттер юридикалык жардамга муктаж адамдарды издеп табышып, аларга укуктук консультация көрсөтүшүүдө.

Photo 4 working in a team

Студенттер топ-топ болуп иштешип, өздөрүнүн идеяларын презентациялап жатышат.

Photo 5 legal consultation to a women in need

Студенттер Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда акысыз юридикалык консультация алуу мүмкүндүгү жөнүндө жашоочуларга маалымат берүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Photo 6 ready to work in FLAC

Тренинг интерактивдүү өтүп, бардык катышуучулар алган билимдерине жана тажрыйбаларына ыраазы.

Photo 7 presenting ideas

Каждый участник имеет возможность задавать вопросы, презентовать свои идеи и планыАр бир катышуучуда суроо берүүгө, өздөрүнүн идеяларын жана пландарын презентациялоого мүмкүндүк бар.

Photo 8 45 students in a 4 day training

Алдыңкы эксперттер жана практиктер Укук үстөмдүүлүгүнүн жайкы мектеби учурунда тренингдерди өткөрүштү.

Photo 9 Law Students in Attention at 4 day training

Студенттер КР Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунда стажировкадан өтүүгө даяр.