Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча экинчи жылдык конференцияны өткөрүү 2016 жылдын күз айларына жылдырылгандыктан, конференциянын Уюштуруу комитети конференцияга катышуу үчүн тезистерди берүү мөөнөтүн 2016-жылдын 17-июнуна чейин узартат.

Конференцияга катышууга чакыруу

Узартылды

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган Бирдиктүү башкаруу программасынын (ББП) колдоосу менен

Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын университеттеринин консорциуму тарабынан уюштурулган

“Мамлекеттик, жарандык жана жеке тармактардын ортосундагы өз ара кызматташтык” темасына Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча экинчи жылдык конференция

Чыгарылыш күнү: 23-октябрь 2015ж.

Билдирме берүүнүн акыркы мөөнөтү: 17- июнь 2016ж.

Бул билдирүү менен кызыкдар тараптарды Ош шаарында боло турган Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча экинчи жылдык конференцияда сөз сүйлөө үчүн илимий макалалардын же башка баяндамалардын тезистерин берүүгө чакырабыз (өткөрүү датасы жана орду такталууда)

Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу боюнча ар жылдык конференция илим жана тажрыйба аркалаган кызматкерлерге учурдагы темаларды толук талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу жаатында билим берүү үчүн академиялык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле ресурстарды жакшыртуу аркылуу жарандык сектордун потенциалын жогорулатууда ББПнын күч-аракеттерин колдоого багытталган.

2016-жылдагы конференциянын темасы: “Мамлекеттик, жарандык жана жеке тармактардын ортосундагы өз ара кызматташтык”

Конференцияга катышууга чакыруу - файлдарды жүктөп алуу(doc)