Урматтуу талапкерлер,

USAID тарабынан каржыланган Биргелешип башкаруу программасы (ББП) «Укуктук жардам берүүгө көмөктөшүү» (УЖК) гранттык программасынын Жалал Абад облустук 2-раундунун алкагында «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка тиешелүү маселелер боюнча калктын аярлуу катмарынын укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө жетүүсүн жакшыртуу» темасы боюнча гранттарды алуу үчүн гранттык өтүнмөлөрдү жазып, облустук конкурска катышууга чакырат. Бул жарыя аталган облустта иш алып барган тажрыйбалуу уюмдар үчүн арналган. Келип түшкөн гранттык өтүнмөлөр жалгыз гана ушул облустун деңгээлинде өз алдынча каралып, баа берилет.

Мунун өзү гранттык өтүнмө жөнөткөн жарандык коом уюмдары (ЖКУ) өз облусунун алкагында топтолгон өтүнмөлөр менен гана атаандаша тургандыгын түшүндүрөт. ББП ар бир облуста грант берүү жаатындагы талаптарга толугу менен жооп берген мыкты квалификациялуу ЖКУларга гранттык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Жөнөтүү мөөнөтү: гранттык өтүнмөлөр 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 13-январына чейинки мезгилдин аралыгында кабыл алынат. Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 17:00 2017-жылдын 13-январы.

 

Тиркемеде УЖК гранттык программасына гранттык өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча колдонмо + өтүнмө шаблону (Word форматында) жана бюджет шаблону (Excel форматында) берилет.

 

Суроолор чыгып калса, Гранттарды администрациялоо бөлүмүнө cgpgrants-kg@ewmi.org электрондук дарегине кайрылыңыздар

Урматтоо менен,

Гранттарды администрациялоо бөлүмү